Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Бишкек: коалициялык көпчүлүк Кулматовдун талапкерлигин колдоду


Бишкек шаар акимдиги жана шаардык кеңеши. 2012.
Бишкек шаар акимдиги жана шаардык кеңеши. 2012.
Дүйшөмбүдө Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин маалымат кызматынан кабарлашты. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Замандаш” фракцияларынан куралган.

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин шайлоосу 15-январда өтөт. Буга чейин Бишкек мэрлигине Социал-демократтар фракциясы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Кубанычбек Кулматовдун талапкердигин көрсөткөн. Шаардык кеңештеги “Республика”, “Ата Мекен” жана “Замандаш” фракциялары өз талапкерин сунуштабоону чечкен.

Ал эми Ош мэрлигине шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүк Айтмамат Кадырбаевдин, азчылыкты түзгөн “Улуттар биримдиги” мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду талапкер катары алып чыкты.(BkA)

XS
SM
MD
LG