Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Пан Ги Мун Иракка келди


Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Ирактагы сапарынын жүрүшүндө өлкө бийликтерин зордук-зомбулукка жол ачкан окуялардын себептерин аныктоого чакырды. Баш катчы Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики менен жолугушкандан соң сүйлөп жатып, өлкөдө тынчтыкты камсыздоо үчүн бардык тараптарды диалогго чакыруу зарылдыгын белгиледи.

Пан Ги Мундун Иракка сапары өлкө чыгышындагы Анбар провинциясында согушкерлер менен өкмөттүк күчтөрдүн тирешине туш келди. Өздөрүн “Ирак ислам өлкөсү жана Леванта” деп атаган, “ал-Каидага” байланышы бар топтун согушкерлери Анбар провинциясынын борбору Рамади жана Фаллужа шаарларынын ээлеп алган. Учурда өкмөттүк күчтөр бул шаарлардан согушкерлерди сүрүп чыгуу аракетин көрүүдө.

БУУнун баш катчысы Иракка сапарынын алкагында коңшулаш Сириядагы кризисти да талкууламакчы.

XS
SM
MD
LG