Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

Роналду дүйнөнүн мыкты футболчусу аталды


“Реалдын” жана Португалия курама командасынын оюнчусу Криштиану Роналду 2013-жылдын мыкты футболчусу катары “Алтын топ” алды. Сыйлыкты тапшыруу аземи кечээ Цюрихте өттү.

Быйыл бул сыйлык үчүн ат салышкандардын катарында буга чейинки 4 жолку “Алтын топтун” ээси, “Барселонанын” оюнчусү Леонел Месси жана германиялык "Бавария" клубунун жарым коргоочусу Франк Рибери бар болчу. Роналду буга чейин да бул сыйлыкка 2008-жылы ээ болгон эле.

Улуттук курама командалардын машыктыруучулары, капитандары жана дүйнө жүзүндөгү спорт журналисттеринин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында дүйнөнүн мыкты аял футболчусу катары германиялык Надин Ангерер жана мыкты машыктыруучусу деп “Бавариянын” мурдагы насаатчысы Юпп Хайнкес аталды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG