Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Милиция Досоновго байланыштуу Жогорку Сотко кайрылат


ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк аймактык башкармалыгы Кадыр Досонов боюнча облустук соттун чечимине байланыштуу Жогорку Сотко кайрылганы жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган башкармалыктан кабарлашты. Кечээ Ош облустук соту Кадыр Досоновду үй камагына чыгарган. Башкармалыктын маалыматына караганда, аны Ошко УКМКнын кызматкерлери кечээ алып келип, сот ошол эле күнү болгон.

Кылмыш дүйнөсүндө “Жеңго” деген каймана ат менен белгилүү Оштогу кримчөйрөнүн анабашы атыккан Кадыр Досоновго ички иштер органдары тарабынан карактоо, маңзат соодасы жана адам уурдоого байланышкан оор айыптар тагылган. 2012-жылы 14-сентябрда ал Тажикстандан кармалып, Кыргызстанга алынып келинген. 2013-жылы жазында Досонов Ош шаардык соту тарабынан акталып, боштондукка чыгып кеткен. ИИМде бул иш кайрадан иликтенип, былтыр июнь айында Досоновго кылмыштуу топ түзгөн деген берене боюнча иш козголуп, 21-ноябрдан тарта эл аралык издөө жарыяланган. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG