Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Президент күч түзүм башчылары менен кеңешме өткөрдү


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн күч түзүмдөрдүн башчыларын чогултуп кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, анда чек арадагы тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу сөз болду.

Өткөн аптанын соңунда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыштан 7 кыргызстандык жараат алган.

Эртең Бишкек жана Ош шаарларында мэр шайлоо болгону жатат. Ал эми көлдүн Саруу айылында Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясы өтөт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG