Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Пан Ги Мун Ирак лидерлери менен өлкөдөгү абалды талкуулады


Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Ирак жетекчилигин Анбар провинциясындагы кандуу калабанын “негизги себеби менен” күрөшкөнгө чакырды. Ал 13-январда Багдадда Ирандын премьер-министри Нури Ал-Малики менен кездешкенден кийин: "Ирактын аймактарындагы коопсуздуктун начарлап кеткени мени аябай тынчсыздантат”,- деди жана өкмөт бардык адамдар үчүн бирдей кам көрүшү зарыл экенине көңүл бурду. Ушу тапта Ирактын батышындагы Анбар провинциясында коопсуздук күчтөрү менен согушчандар, ошондой эле антиөкмөтчүл уруулар арасында катуу согуш жүрүүдө.

“Азаттыктын” кабарчысынын маалымдашынча, провинциянын борбору Рамади да уруш майданына айланган. Багдад-Фаллужа-Самара чөлкөмүндө да салгылашуулар болуп жатат.

Пан Ги Мун Багдаддагы визити маалында Сириядагы кырдаалды да сүйлөштү.

XS
SM
MD
LG