Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

Тажикстандагы кыргыз элчиси БУУ өкүлү менен жолукту


Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Урмат Саралаев Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысынын атайын өкүлү, Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия борборунун башчысы Мирослав Енча менен жолукту. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, жолугушууда чек ара маселелери тууралуу да кеп болду. Чек ара көйгөйлөрү жана чыр-чатактарды алдын алуу багытында кызматташтыкты улантуу керектиги айтылды. Ошондой эле Тажикстан - Ооганстан - Түркмөнстан жана Кытай - Кыргызстан - Тажикстан - Ооганстан - Иран темир жолдорун куруу, чек арадагы соода-сатык, суу-энергетика тармагындагы кызматташтык тууралуу сөз болду.

11-январда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш чыгып, эки тараптан тең он чакты күч кызматкери жараат алган. (RK)

XS
SM
MD
LG