Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Багдадда бомба чабуулу 25 адамдын өмүрүн алды


Багдадда 13-январда болгон бомба чабуулдарынан кеминде 25 адам өлдү жана ондогон адамдар жарадар болду. Ордо шаардын негизинен шиит калктуу бөлүктөрүндө болгон жардыруулар үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өзүнө албады.

Автомобилге коюлган бомбалар кечинде адамдар Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн майрамдап, көчөгө агылып чыккан тушта жарылган. Ушул эле дүйшөмбү күнү курлчандар тобу Багдаддын түштүк четиндеги аскерий постко кол салып, үч полициячыны катардан чыгарды. Иракта өткөн жыл 2008-жылдан берки эң кандуу жыл болду.

2013-жылы Иракта жаатташтык согушунан 5,5 миңдей адамдын каны төгүлгөн.

XS
SM
MD
LG