Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

Бишкек – Москва багытын "Пегасус Азия" тейлеши мүмкүн


Бишкектен учкан эл аралык рейстердин картасы (кыш 2013–2014).
Бишкектен учкан эл аралык рейстердин картасы (кыш 2013–2014).

Түркиянын "Пегасус" авиакомпаниясы ээлик кылган "Пегасус Азия" кирешелүү болуп эсептелген Бишкек – Москва багытын марттан тарта тейлей башташы мүмкүн. Авиа ишкананын вице-президенти Данияр Арыновдун "Азаттыкка" маалымдашынча, азыркы тапта эки борбор шаарды бириктирген авиарейсти ачууга бардык аракеттер көрүлүп жатат.

Учурда Бишкектен Москвага жумасына 36 аба каттам каттайт. Бул сан жайкыга караганда сегиз рейске көп. Бул багытты алты авиакомпания тейлейт. "Манас" аэропортунун кышкы жадыбалына ылайык, азыркы тапта жумасына жалпысынан 130 эл аралык жүргүнчү рейс каттайт.

"Пегасус Азия" былтыр сентябрдан бери Бишкектен 30 багытка аба каттам ачарын айтып келет. Алардын арасында Баткен, Дубай, Дүшөмбү, Исфана, Красноярск, Москва, Пермь, Сургут, Үрүмчү жана Челябинск шаарлары аталып жүрөт. Бул багыттар тууралуу Арынов учурда конкреттүү эч нерсе айта албасын кошумчалады.

"Пегасус" ээлик кылган "Пегасус Азия" учурда Бишкектен Ошко аптасына 20 жолу жана Стамбулдун Сабиха Гөкчен атындагы аэропортуна жумасына жети ирет каттайт. (BAz/BkA)

XS
SM
MD
LG