Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Прокуратура Ошто мэр шайлоого карата эскертүү берди


Ош шаарынын прокуратурасы эртеңки мэр шайлоого карата шаардык кеңештин депутаттарына эскертүү берип, шайлоону үзгүлтүккө учуратпоо керектигин билдирди. Шайлоо учурунда коомдук тартипти сактоого байланыштуу эскертүү жергиликтүү күч органдарына да жөнөтүлдү. Дин, улут аралык кастыкты козутпоо жана коомдук тартипти бузбоо тууралуу эскертүү мэрлик кызматка талапкерлердин дарегине жолдонду. Бул тууралуу Баш прокуратурадан кабарлашты.

Эртең, 15-январда Бишкек жана Ош шаарларынын депутаттары мэр шайлашат. Бишкекте бир гана талапкер болсо, Ошто эки талапкер ат салышууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG