Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Ооганстандык атеист Британиядан башпаанек алды


Адвокаттардын айтымында, Британияга 2007-жылы 16 жашында келген жигит 14-январда диний негизде башпаанек алды. Атын жашырган жана өзүн атеистмин деген бул жарандын ырасташынча, ал Ооганстанга кайтып барса, мусулманчылыкты чанып, атеисттик жолго түшкөнү үчүн өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Ал кудайга ишенбегенине таянып, Британиядан башпаанек алган биринчи адам болду. Адвокаттар ооган-атеистке башпаанек алууда Улуттар уюмунун Качкындардын макамы тууралуу 1951-жылкы конвенциясына таянышты. Бул конвенция адамдарды расалык, диний, улуттук, саясий негизде же кайсы бир топтун мүчөсү болгону үчүн куугунтуктоого тыюу салат.

XS
SM
MD
LG