Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

Чехияда жасалма ичимдик саткандарга айып тагылды


Чехияда 2012-жылы ондогон адамдардын өлүмүнө алып барган спирт ичимдигин даярдоого тиешеси бар 31 адамга айып тагылды.

Прокурор Ян Сладкийдин айтышынча, адамдарды өлтүргөн алкогол ичимдигин жасаган деп шектелген эки адам жана башкалар коомдун саламаттыгына коркунуч туудурган деп айыпталууда.

Курамында уулуу метанол бар спирттик ичимдикке ууланып, 38 киши жан берген, 79 адамдын ден соолугуна зыян кеткен, алардын айрымдарынын көзү көрбөй калган. Буга байланыштуу 2012-жылы күздө 20 градус жана андан күчтүү алкоголдук ичимдиктерди сатканга бир ай бою тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG