Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Сарууда Кумтөргө байланыштуу жыйын болот


“Кыргыз эл биримдиги” кыймылы бүгүн Ысык-Көлдүн Саруу айылында Кумтөргө байланыштуу жыйын өткөрөт. Алар компаниянын үлүшүн “Центерра Голд” менен 50/50 пайыз бөлүшүүгө каршы экендиктерин айтып, кен казуудан улам аймакка тийип жаткан экологиялык зыяндар тууралуу айтышмакчы. Жыйында айыл тургундары Эрмек Курманов менен Бактияр Жунушбаевди камактан бошотуу талабы да коюлат. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл тургуну Замир Меңдинбаев билдирди. Анын айтымында, жыйынга президент Алмазбек Атамбаев, парламент спикери Асылбек Жээнбеков баш болгон мамлекеттик жетекчилер да чакырылган. Бирок алардын катышар-катышпасы азырынча маалым эмес.

Өткөн жылдын күзүндө Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары Эрмек Курманов менен Бактияр Жунушбаев “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлү Дуглас Гриерден ири суммадагы акча талап кылды деген айып менен УКМКнын тергөө абагына камалган. Алар өздөрүн күнөөсүз деп эсептейт. Башаламандык уюштурган жана акча доолаган деген айып менен Курманов менен Жунушбаевге айып расмий түрдө тагылып, иш сотко өткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG