Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:23

Бүгүн Бишкек жана Ош шаарларында мэр шайлоо болот


Бүгүн Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин депутаттары калаа башчыларын шайлайт.

Бишкек шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер болуп, Кубанычбек Кулматов катталган. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. Башка фракциялар талапкер сунуштаган эмес.

Ал эми Ош шаарын башкарууга мурдагы мэр Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев ат салышууда. Мырзакматовдун талапкерлигин “Улуттар биримдиги” жана НДПК партиялары көрсөткөн. Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, мэрдин кызмат ордуна талапкерлерди шаардык кеңештеги фракциялар жана өкмөт башчы көрсөтө алат. Бул шайлоодо премьер-министр тарабынан эч ким сунушталган жок.

Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринде 45 депутат бар. Алардын ичинен 30 депутат катышса, шайлоо өттү деп эсептелет. 23 добуш алган талапкер мэр болот.(SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG