Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Ош: Аянтта Атамбаевдин сүрөтү өрттөлдү


Ош шаарынын борбордук аянтында мамлекет башчынын сүрөтү эл алдында өрттөлдү. Кабарчыбыздын айтымында, Мелис Мырзакматовдун тарапкерлеринин митингинде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдулла Капаров президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн алып келип өрттөп жиберди.

Бүгүн Ошто мэр шайлоо өттү. Айтмамат Кадырбаевди шаардык кеңеш мэр кылып шайлады. Ал эми Мелис Мырзакматов мэрлик үчүн тийиштүү добуш ала алган жок. Анын миңдеген тарапкери аянтта митинг өткөрүп, Оштун мэри болуп Мырзакматов гана шайланышы керек деген талабын коюуда. (YI/RK)

XS
SM
MD
LG