Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Оштогу митинг тарады


Ошто Мелис Мырзакматовдун тарапкерлеринин митинги аяктады. Кабарчыбыздын айтымында, Мырзакматов чогулгандар алдына чыгып, өзүнүн "бүгүнкү жеңилишин алдыдагы чоң жеңиштин башталышы" деп атады. Жаздан баштап нааразылык акциялары уланаарын билдирип, митингди аяктоого чакырды.

Бүгүн Оштун мэрин шайлоо ызы-чуу менен коштолду. Айтмамат Кадырбаев көпчүлүк добуш менен мэр болуп шайланды, ал эми экинчи талапкер Мелис Мырзакматов жетиштүү добуш ала алган жок. Анын он миңдеген тарапкери аянтка чыгып, нааразылыгын билдирди. Жаңы мэрдин кетүүсүн талап кылып, митингчилер мэриянын имаратына таш ыргытты. (YI/RK)

XS
SM
MD
LG