Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу


11-январда куралдуу кагылаш болгон кыргыз-тажик чек арасындагы аймакта бүгүнкү күндө абал тынч. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков билдирди. Анын айтымында, учурда жергиликтүү тургундарды чагымга алдырбоого жана тынчтыкка үндөгөн түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

- Жол жабылган жок, сүйлөшүү жүрүп жатат, паникага алдырбагыла деп айтып жатабыз. Кадимкидей турмуш өтүүдө. Ак-Сай менен Ворухтун ортосу ачык. Исфарага тажиктер өтүп жатат, аксайлыктар Баткенге келип-кетип жатат, - деди Калыков.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө чек арадагы абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG