Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Баткен: Чек арадагы айрым мектептер жабык турат


Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасындагы айрым айылдарда бүгүн мектептер жабык турат. Кышкы эс алууга кеткен окуучулар бүгүнтөн тарта сабакка чыгышы керек болчу. Бирок соңку күндөрү чек арадагы абал кооптуу болууда.

11-январда Баткенде Көк-Таш – Ак-Сай унаа жолунун курулушуна байланыштуу кыргыз жана тажик күч кызматкерлеринин ортосунда куралдуу жаңжал чыккан. Тажик тарап бул жер тактала элек, демек жолдун курулушу мыйзамсыз деп эсептейт. Ал эми кыргыз тарап аны Кыргызстандын ичиндеги жер деп келет. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG