Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Кулов: Мырзакматов көп иш жасады


Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов көп иш жасады, андыктан аны колдоп чыгып жаткандардын болушу нормалдуу көрүнүш. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов билдирди. Ошону менен катар Кулов кырдаалдын тынч болуусу зарыл деген оюн ортого салды:

- Бул мыйзамдуу көрүнүш. Ал көп жасады. Анын өз тарапкерлери бар. Бирок тынч болсо жакшы болот эле.

Бүгүн Ошто мэр шайлоонун жыйынтыгында Айтмамат Кадырбаев жеңишке ээ болду. Анын атаандашы Мелис Мырзакматов жетиштүү добуш ала албай калды. Мырзакматовдун он миңге чукул тарапкери аянтка чыгып, нааразылыгын билдирди. (AzK/RK)

XS
SM
MD
LG