Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Индияда даниялык турист зордукталды


Баш калаа Нью-Делинин көчөсүндө баратып, жол сурагандан кийин сүрмө топ эркек бычак менен коркутуп зордуктаган туристтин арызы боюнча Индияда полиция бир канча шектүү кылмышкерди камакка алды. 2012-жылы декабрда автобуста кызды бир нече киши зордуктап кеткенден кийин Индиядагы сексуалдык зордукчулук көйгөйү кеңири талкууга алына баштаган. Коомчулуктагы катуу нааразылыктан улам, зордуктоо үчүн түрмө мөөнөтү 20 жылга көбөйтүлгөн эле. Бирок соңку кездери зордуктоо кайра көбөйгөнү маалымдалууда. Ушул айда Польшадан келген эки айлык кызы менен бараткан аялды такси айдоочу зордуктаганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG