Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

Кытай Малиге тынчтык аскерин жиберди


Бүгүн Кытайдан Африканын батышындагы Мали мамлекетине кытай аскерлеринин экинчи тобу кеткенин Синхуа агенттиги бышыктады. Аскер башчысы Жаң Гечиаңдын сөзү боюнча, 245 кишиден турган кытайлык тынчтык күчтөрү Малиде сегиз ай турат. Алар Кытай декабрда жөнөткөн 135 аскер, дарыгерлердин катарына барып кошулат. Синхуа агенттигинин маалыматы боюнча, Кытай Бириккен улуттардын өтүнүчү менен Малиге аскер жөнөтүп жатат. Бул өлкөдө исламчылар өлкөнүн зор аймагын басып алгандан кийин, Малиге былтыр Франция аскер жиберген эле. Малинин түндүгүндө бүгүн да маал-маалы менен атышуулар болуп турат. Кытайдын Африканын төрт өлкөсүндө тынчтык аскерлери бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG