Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Ошто президенттин сүрөтү өрттөлүшү боюнча кылмыш иш козголот


Ош шаарында 15-январда болгон митинг учурунда президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүнүн өрттөлүшү боюнча милиция иликтөө баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев маалымдады.

Шаршембиде мэр шайлоо учурунда мурдагы калаа башчысы Мелис Мырзакматовдун тарапкерлери борбордук аянтка топтолуп, азыркы бийлик аны мэрлик кызматка жолотпоо үчүн түрдүү амалдарды колдонуп жатат деп нааразылык билдиришкен.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдулла Капаров президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн алып келип өрттөп жиберген.

Мамлекет башчынын сүрөтүн өрттөө Кыргызстанда алгачкы ирет болуп жаткан жок. 2005 жана 2010-жылдардагы бийлик алмашуу учурундагы митингдерде да ошол кездеги президенттердин сүрөттөрү өрттөлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG