Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Рим папасын кыргызстандык балдар тарткан сүрөттөр кубандырды


Рим папасы Франциск өз дарегине келип түшкөн миңдеген каттардын, сүрөттөрдүн ичинен кыргызстандык балдар тарткан сүрөттөр өзгөчө көңүл бурууга арзый турганын айтты. Ал муну жеткинчектердин эң маанилүү эмгеги катары баалап, Италияда Улуттар уюмунун өкүлү болуп иштеген Гүлсана Сарногоевага кардиналы Тарчизио Бертоне аркылуу кат түрүндө жана телефон менен билдирткен. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сарногоева өзү маалымдады.

Анын айтымында, сүрөттөрдү Бишкектин 9 жаштагы тургуну Гүлшат Бахтияр кызы жана АКШда жашаган кыргызстандык эки жеткинчек – 6 жаштагы Диана Тайгүрөңова менен 4,5 жаштагы Миңдуулат Калыбеков тарткан. Бул сүрөт сынагын Финляндияда жашаган кыргыз журналисти Асыран Айдаралиев интернет аркылуу уюштурган.

Кыргызстандык балдардын сүрөттөр топтому "Ааламга тынчтык" деген аталышта Рим папасына жиберилген. (SE\ATe)

XS
SM
MD
LG