Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Ош: Төртүнчү кабаттан секирген кыздын абалы оор


Ош шаарында төртүнчү кабаттан боюн таштаган кыздын абалы оор. Өзүн зордуктаган кишиден качып, терезеден секирген 23 жаштагы айым шаардык оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя 14-январга караган түнү Кулатов кичи районунда болгон. Кызды өзүнүн тааныштарынын бири үйүнө чакырып алып, эки ирет зордуктаган. Үчүнчү жолу аракеттенип жатканда кыз терезеден секирген. Ошол жерге жакын арада жүргөн шаардык милиция кызматкерлери аны зордуктаган кишини дароо кармашкан. Тергөө жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG