Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Баткен: Чек араны дыкат көзөмөлдөө уланууда


Баткен облусунун Ак-Сай аймагындагы кыргыз-тажик чек арасы жоокерлердин дыкат көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы чек ара кайтаруу башкармалыгынын зардалы, полковник Саитжан Эратов билдирди. Анын айтымында, аймактагы чырдан кийинки чыңалуу толук жоюла элек. Эки өлкөнүн тийиштүү жетекчилиги абалды жайгаруу үчүн биргелешкен чараларды улантууда.

Ишембидеги окуяларга байланыштуу 15-январда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жооптуу кызматкерлери коңшу өлкөнүн Исфара шаарында жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу комиссия түзүлгөн. Комиссия чек ара бекетиндеги аскерий техникаларды карап, уруксат берилбегендерин чыгарып салуу маселесин карайт. Андан соң кайрадан кийинки пландар талкууланат. Ошондой эле калктуу конуштар жайгашкан жердеги аскердик бөлүктөр чыгарылат.

Өткөн ишемби, 11-январда Баткенде Көк-Таш - Ак-Сай -Тамдык унаа жолунунун курулушуна тажик тарап каршы болуп, кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 аскер жараат алган. (SE)

XS
SM
MD
LG