Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:19

Оштук дизайнерлер Берлиндеги фестивалга катышууда


Оштук төрт дизайнер бул күндөрү Берлин шаарында өтүп жаткан "Fashion Bridge" эл аралык фестивалына катышууда. Алар бир катар көргөзмө, шоурум, бутиктердин иши менен таанышып, мода көрсөтүүлөргө катышат жана белгилүү немис дизайнерлери менен жолугат. Фестивалдын максаты - жаш дизайнерлердин ортосунда тажрыйба алмашууга, дүйнөлүк модадагы жаңы тенденциялар менен таанышууга шарт түзүп берүү.

Ош шаарынан дизайнерлер Мавлюда Жумабаева, Зура Турдубаева, Акинай Кушбакова жана Гүлнур Исраилова былтыр Бишкекте өткөн "Күз - 2013" мода жумалыгына катышып, байгелүү кайткан болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG