Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

1-марттан тарта күч кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт


1-марттан тарта Кыргызстанда күч кызматкерлеринин айрым категорияларынын айлык маянасы көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев депутаттарга маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Ички иштер министрлигинин жана анын академиясынын, Жаза аткаруу, Маңзат көзөмөл, Фельдъегер кызматтарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аскер кызматкерлеринин акчалай маянасы жана пенсиясы орточо 37%га көбөйөт. Бул үчүн республикалык бюджеттен 1,6 миллиард сом каралууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG