Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Кадырбаев: Ошто мыйзамсыз аракеттерге жол бербейм


Оштун жаңы шайланган мэри Айтмамат Кадырбаев шаарда мыйзамсыз саясый аракеттерге жол бербейт. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" маегинде билдирди.

- Эл оозунда элек жок дегендей, кечээ түрдүү чакырыктар айтылды. "Басып алабыз", "Элдик мэр шайлайбыз" дешти. Мен андайга жол бербегенге аракет кылам, - деди Кадырбаев.

Кечээ Ошто мэр шайлоо ызы-чуу менен коштолгон болчу. Шаардык кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыгында мэр болуп Айтмамат Кадырбаев шайланган. "Улуттар биримдиги" партиясы көрсөткөн Мелис Мырзакматов жетиштүү добуш ала албай калган. Өзүнүн миңдеген тарапкерлеринин алдына чыгып Мырзакматов шайлоо ыплас өткөнүн, жазында саясый күрөш башталаарын билдирген болчу. (BuS/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG