Бүгүнтөн тарта 18-январга чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы унаа жолдордо жүргөндөрдөн этияттык талап кылынат. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Айрыкча Бишкек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку, Каракол – Эңилчек жана Ала-Бука – Каныш-Кыя жолдорунун айрым жерлеринде муз тоңуп, кар көчкү түшүүсү ыктымал. Андыктан машинелер ортосунда 500 метрлик аралыкты так кармоо керек экенин куткаруучулар эскертүүдө.