Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:52

Тарыхчы Бектемир Жумабаев дүйнө салды


Бүгүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор Бектемир Жумабаев күтүүсүз оорунун айынан мезгилсиз дүйнө салды. Илимпоз эгемендик доорунда кыргыз тарых илимин жаңыча иликтөөгө жана тарыхчылар менен чыгыш таануучулардын жаңы муунун калыптандырууга зор салым кошкон.

Бектемир Жумабаев 1960-жылы Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында төрөлгөн. Ал 100дөн ашуун илимий жана илимий-жамааттык макала, 3 монографияны жарыялаган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү эртең, 17-январда саат 10:00до КУУнун башкы имаратында башталат. Анын сөөгү жума күнү Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылынын көрүстөнүнө коюлат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG