Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Ош: Мэр шайлоо күнүндөгү окуя боюнча кылмыш иш козголду


Ошто кечээ күнкү мэр шайлоо учурундагы окуя боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык милициядан кабарлашты. Кылмыш иш "бейбаштык" жана "бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү" деген беренелер боюнча козголду.

Кечээ "Улуттар биримдиги" партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Мелис Мырзакматовдун мэр болуп шайланбай калганына нааразылар митинг учурунда мэрия тарапка таш ыргытып, президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөн жана милиция кызматкерлерине зомбулук көрсөткөн. Жергиликтүү ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, митинг учурунда жабыркаган 16 милиционер ооруканага жөнөтүлгөн, алардын экөөнүн абалы оор. Мырзакматов шайлоо ыплас өткөнүн айтып, борбордук бийликти күнөөлөгөн. (KJ/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG