Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Кыргызстандык ишкерлер Берлиндеги Green Week көргөзмөсүнө катышууда


Бүгүн Берлин шаарында ачылып жаткан International Green Week эл аралык көргөзмөсүнө кыргызстандык ишкерлер да катышууда. Экологиялык таза азык-түлүктүн жарманкеси 26-январда жыйынтыкталат. Иш-чара жалпы аянты 115 миң чарчы метрлик Messe Berlin көргөзмө комплексинде өтүүдө. Кыргызстан үчүн 50 чарчы метр аянт бөлүнгөн. Белгилүү "Шоро", "Артезиан", "Кыргыз коньягы" компаниялары менен катар эл аралык рынокко эми гана чыга баштаган фирмалар да Берлинге жөнөгөн. Алардын арасында жалалабаддык "EUM", "Токой азыгы", баткендик "Алыш-Дан" жана көлдүк "Бир айыл - бир азык" ишканалары бар.

Берлиндеги көргөзмөгө Кыргызстан ушуну менен алтынчы жолу катышып жатат. Иш-чаранын алкагында 200гө жакын өлкөнүн айыл чарба министрлери катышкан чоң жыйын өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG