Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:06

"Манаста" хаб курууга алты сунуш түштү


"Манас" аба майданындагы Транзит жүк ташуу борборунун ордуна хаб куруу боюнча алты компаниядан сунуш келип түштү. Бул тууралуу бүгүн аталган аэропорттун вице-президенти Даир Токобаев билдирди. Анын айтымында, алар Европа, Орусия жана Кытайдын компаниялары. Сүйлөшүү жүрүп жатат, бирок чечим азырынча кабыл алына элек. Токобаев Кыргызстандын Кумтөр боюнча инвестор менен талаш-тартышына байланыштуу жогорудагы фирмалар тарабынан кызматташтык баштоо багытында чоочулоо байкалып жатканын кошумчалады.

2001-жылы АКШдагы ири теракттардан кийин НАТО Ооганстанда антитеррордук операциясын баштаган. Ага катышуучу учактарды тейлөө максатында кыргыз өкмөтү менен келишим түзүп, "Манас" аэропортуна база ачкан. Ал азыр Транзит жүк ташуучу борбор деп аталат. Келишимдин мөөнөтү быйыл июнда аяктайт. (BkA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG