Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:40

Сирия өкмөтү козголоңчуларга түрмөдөгүлөрдү алмашууга даяр


Бул тууралуу Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем бул тууралуу бүгүн Москвада орус кесиптеши Сергей Лавров менен жолуккандан кийин айтты.

- Түрмөдөгүлөрдү алмашууга биз макул экенибизди мен азыр Лавров мырзага да айттым. Биз тизмени алмашып, кийин адамдарды кандай жагдайда алмашууну иштеп чыгышыбыз керек, - деди министр Муаллем.

Ал өлкөнүн эң ири шаары Алепподо атышууларды токтотуу тууралуу планды да орус министрине жеткиргенин кошумчалады. Сириялык министр Алепподо атышты токтотуу планы ийгиликтүү иштеп кетсе, аны башка шаарларда да колдонууга боло турганын кошумчалады. Сириядагы кырдаал келерки аптада эл аралык конференцияда талкууга алынат. 22-январда Швейцарияда баштала турган конференцияга Сириянын негизги оппозициясы катышып же катышпасын бүгүн Стамбулда талкуулап жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG