Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Таиланддагы жардыруудан 30дан ашуун адам жаракат алды


Таиландда демонстрацияга чыккан элге ыргытылган жардыргыч заттан 30дан ашуун киши жаракат алды. Окуя бүгүн өкмөттүн негизги сынчысы Сутеп Таугсубан баштаган митингчилер Бангкокдогу университеттин жанынан өтүп баратышканда болгон. Саясатчы өзү жардыруу болгон жерден 30 метрдей алыста болгон экен, жабыр тартпаптыр.

Өлкөдө саясий кризис бир нече айдан бери уланып келатат. Демонстранттар азыр премьер-министр Йинглак Чинаватты "өзүнүн бир тууган агасы, экс-премьер Таксин Чинаваттын айтканынан чыкпайт" деп, кызматтан кетишин талап кылышууда.

Таксин Чинаватты 2006-жылы коррупция үчүн айыптаган армия бийликтен кулаткан.

XS
SM
MD
LG