Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Тажикстан: “Хизбут-Тахрирдин” мүчөсү деп айыпталган киши 12 жылга кесилди


Дүйшөмбү шаардык сотунун өкүлдөрү “Азаттыктын” тажик редакциясына сүйлөп, Шарифхожа Хушов элди экстремизмге үндөгөн деп былтыр октябрда кармалганын жана бүгүн айыптуу деп табылганын айтышты. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан суннит мусулмандарынын “Хизб ут-Тахрир” уюму мусулман өлкөлөрүн жалпы ислам халифатына биригүүгө үндөйт. Тажикстан, башка постсоветтик өлкөлөрдөй эле, уюмду “экстремисттик” деп таап, ага тыюу салган. Былтыр өлкөдө мындай айып менен 15 адам камалганы айтылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG