АКШнын өкмөтү өзүнүн чалгындоо жаатында маалымат топтоо программасынын ишине көбүрөөк ачыктыкты киргизип, ошол эле маалда америкалык жарандардын купуялыгын сактоо максатында реформаларды жасайт. Бул тууралуу жума күнү президент Барак Обама телекайрылуусунда билдирди.
Мындан сырткары, ал чалгын коомчулугуна: "Мен чалгын коомчулугуна кайрылып айтаарым: Улуттук коопсуздукка олуттуу мааниси болбосо, биз өзүбүздүн өнөктөш, достук мамилелерди мамлекеттердин башчыларынын, өкмөттөрдүн байланыштарын тыңшоого албайбыз”, - деди Обама.
АКШнын чалгын кызматынын мурдагы аналитиги Эдвард Сноуден жашыруун маалыматтарды чыгарып жибергенден кийин дүйнөдө АКШнын чалгын маалыматты топтоо программасынын масштабы жана максаты тууралуу талкуулар күчөгөн эле. Ак үйдүн өкүлдөрүнүн айтымында, Обаманын соңку билдирүүсүндө айтылган ойлор ал президент болгондон бери өлкөнүн чалгын маалымат кызматында боло турган эң маанилүү реформа тууралуу кабар берет.