Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:02

Аба ырайы


19-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жок. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 8...13,
Таласта түнкүсүн -7...-12, күндүз 4...9,
Баткенде түнкүсүн -2...-7, күндүз 5...10,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -2...-7, күндүз 6...11,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...+4,
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -2...-7,
Бийик тоолордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -5...-10.
Бишкекте түнкүсүн -3…-5, күндүз 11...13 градус жылуу.

Чукул эскерүү:

19-21-январда жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда: Бишкек-Ош (121-137-км., 198-265-км.), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км., 145-150-км.), Каракол-Эңилчек (45-90-км.), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-км.) унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG