Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Айыл чарба жана мелиорация министри кызматтан алынды


Бүгүн Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат бөлүмүнөн "Азаттыкка" билдиришти.

Узакбаев айыл чарба жана мелиорация министри болуп 2012-жылы сентябрь айында дайындалган. Ага чейин Кыргызстандын Суу-чарба жана мелиорация мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Чыңгысбек Узакбаев министрлик орунга “Ар-намыс” фракциясы тарабынан сунушталган болчу. (SA)

XS
SM
MD
LG