Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Кабулда кол салуудан 21 киши каза тапты


Кабулдагы ресторанда болгон жардыруудан 21 киши мерт кетти. Полициянын маалыматына караганда, өлгөндөрдүн арасында Эл аралык Валюта фондунун жана Улуттар Уюмунун кызматкерлери бар. Талибан кыймылы бир катар элчиликтер жана чет өлкөлүктөр көп барган ресторан-кафелер жайгашкан чөлкөмдөгү жардырууну уюштурганын моюнга алды. Полиция өкүлдөрүнүн айтымында, адегенде жанкечти имаратка кире бериште өзүн жардырган. Андан кийин куралчан эки киши тамактанып отургандарга ок жаадырган.

БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун кол салууну айыптап, жайкын адамдарды бутага алуу эл аралык гуманитардык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелерин белгиледи.
Талибдердин өкүлү чабуул Парван вилайетинде бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйган аба соккусуна жооп иретинде уюштурулганын Твиттерде жазды.

XS
SM
MD
LG