Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Эл аралык инспекторлор Тегеранга келишти


Атомдук энергетика боюнча Эл аралык агенттиктин инспекторлору Тегеранга келишти. Алар ноябрда Иран менен 6 держава ортосунда түзүлгөн келишимдин аткарылышына көз салышмакчы.

Массимо Арапо жетектеген текшерүүчүлөр тобу Ирандын расмий өкүлдөрү менен жолугуп, 20-январда күчүнө кирип жаткан макулдашууну аткарууга даярдыктар тууралуу маалымат алышат. 6 айдын ичинде Иран уранды байытууну 5 пайызга чейин түшүрүп, атомдук программанын башка бөлүктөрүнө да чектөөлөрдү киргизиши керек. Бул үчүн эл аралык санкциялардын бир бөлүгү алынып салмакчы. Ошол эле маалда Тегеран, Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ кирген топтун сүйлөшүүлөрү улана берет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG