Линктер

шаршемби, 22-февраль, 2017 Бишкек убактысы 03:45

Алибеков эл аралык бий мелдешине катышууда


Заманбап бий боюнча Кыргызстандын чемпиону Нурсултан Алибеков бүгүн Алматы шаарында дүйнөлүк Just Debout бий фестивалынын Борбор Азия боюнча кастингине катышууда.

Бул тууралуу Алибековдун менеджери Максат Бокеев билдирди. Учурда КМШ мамлекеттери үчүн берилген 8 орунга сынак жүрүп жатат. Эл аралык фестивал Парижде 28-февралда болот.

Буга чейин Кыргызстандан бийчилер Атай Өмүрзаков, Жан Воинов бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү болушкан. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG