Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Башкы прокуратура: Кумтөр боюнча айыптарга далилдер жетиштүү


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 16-январда башталган алгачкы соттук териштирүүдө 2003-жылкы Кумтөр боюнча келишимди түзүүгө катышкан мурдагы өзгөчө кырдаалдар жана экология министри Темирбек Акматалиев, Юстиция министрлигинин статс-катчысы Нурлан Алымбаев, Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин жооптуу кызматкери Дүйшөнбек Камчыбеков жана өкмөттүн аппаратынын мурунку кызматкери Азимбек Жолошевдин иши каралды. Анда Башкы прокуратура коррупциялык келишимди түзүүдө жогорудагы адамдардын күнөөсү толугу менен далилденгенинин билдирди. Бирок айыпталуучулардын адвокаттары бул кылмыштын жаза мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ишти кыскартууну суранышкан.

Бирок Башкы прокуратура жаза мөөнөтү өткөнүнө карабай, башталган сот жараяны аягына чыгышы керектигин билдирүүдө. Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда.

Кумтөр боюнча 2003-жылдагы келишимге байланыштуу Башкы прокуратура былтыр жайында кылмыш ишин козгоп, ошол кездеги келишимди түзүүгө катышкан 12 адамга айып таккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG