Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Сирия оппозициясы өкмөт менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышат


Сириянын сүргүндөгү оппозициясынын башын бириктирген коалиция эмки жумада өтчү тынчтык сүйлөшүүлөргө катышуу чечимин кабыл алды. Ишемби күнү бул маселе колго салынып, 78 делегаттын 58и сунушту колдоп добуш берди. Башар Асаддын өкмөтү жолугушууга бараарын буга чейин билдирген.

Жума күнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия оппозициясын жаңжалдашкан тараптардын алгачкы тикелей сүйлөшүүлөрүнө катышууга дагы бир жолу үндөгөн. Дээрлик 3 жылдан бери уланып келаткан жарандык согуш 100 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти.

Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муалем бир нече күн мурун Москвадагы визити учурунда орусиялык расмий өкүлдөрдү Алеппо шаарында ок атышууну токтотуу боюнча долбоор менен тааныштырды. Калаада бир жылдан ашуун убакыттан бери өкмөттүк күчтөр козголоңчулар менен күрөшүп келатышат.

XS
SM
MD
LG