Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

Малики Ирактагы уруш үчүн айрым өлкөлөрдү айыптады


Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики Жакынкы Чыгыштагы “чыккынчы” жана “карасанатай” мамлекеттерди өлкөдөгү зомбулук үчүн айыптады. “Ирак терроризмди, кастыкты колдогон айрым өлкөлөрдүн бутасына айланды", - деди өкмөт башчы. Буга чейин ирактык расмий адамдар Сауд Арабия менен Катар өкмөткө каршы көтөрүлгөн сунилерди колдоп жатат деп кыйытып келишкен.

Ирактын сунилер үстөмдүк кылган батыш бөлүгүндө коопсуздук күчтөрү "ал-Кайида" менен байланышкан согушкерлер менен күрөшүп жаткан кез. Согушкерлер 3 жума мурун Рамади жана Фаллужа шаарларын ээлеп алышкан.

XS
SM
MD
LG