Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:55

Кыргызстан Фижи жана Эритрея менен алака түзөт


Эритреянын жайгашкан жери, Африка.

Эритреянын жайгашкан жери, Африка.

Кыргызстан Тынч океанында жайгашкан Фижи Республикасы менен дипломатиялык алака түзөт. Кыргызстандан 12 миң 380 миң чакырым алыс расмий Сува менен алака түзүү тууралуу расмий билдирүүгө президент Алмазбек Атамбеков 8-январда кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады. Фижи – 1970-жылы Британиядан көз карандысыздык жарыялаган, калкы 580 миң мамлекет.

Аны менен бирге Африкадагы Эритрея менен дипломатиялык алака түзүү документине да 8-январда кол коюлду. Кыргызстандан 4571 километр алыс расмий Асмара 1993-жылы Эфиопиядан көз карандысыздык алган.

Кыргызстандын Тынчтык мухит аймагында жана Африка чөлкөмүндө элчилиги жок. Тынч мухит аймагынын Австралия жана Жаңы Зеландия мамлекеттеринде жана Африканын түндүгүндө, Түштүк Суданда, Мозамбикте, Түштүк Африкада, Либерияда, Суданда жана Танзанияда кыргызстандыктар бар экени маалым. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG