Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Немистер кыргыз авиакомпанияларына көмөк көрсөтөт


Оштон учкан эл аралык каттамдардын картасы.

Оштон учкан эл аралык каттамдардын картасы.

Германиянын Чыгыш экономикасы боюнча комитети Кыргызстандын авиакомпанияларына Европа Биримдигинин кара тизмесинен чыгарууга көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мындай макулдашууга аталган министрликтин статс-катчысы Айдай Курманова Берлинге иш сапар учурунда жетишкен.

Транспорт министрлигинин билдиришинче, былтыр жүргүнчүлөр агымы 30% өскөн. Жергиликтүү серепчилер 2018-жылга чейин авиажүргүнчүлөрдүн саны үч миллионго жетет деп божомолдошууда. Беш миллиондон ашуун калкы бар Кыргызстанда 17 авиакомпания катталган. Учурда Кыргызстанга 14 чет өлкөлүк авиакомпания каттайт.

"Манас" аэропортунун кышкы жадыбалына ылайык, учурда аптасына жалпысынан 130 эл аралык жүргүнчү рейс каттайт. Ал эми Оштон аптасына 70 эл аралык авиакаттам аткарылат. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG