Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Киевде полиция менен митингге чыккандардын ортосунда тирешүү уланууда


Жекшембиде нааразылык акциясына чыккандар менен полициянын ортосундагы кагылышууда 30 полиция кызматкери жабыркаганын Украинанын Ички иштер министрлиги кабарлады. Алардын ичинен төртөөнүн абалы оор.

Украинада оппозиция менен бийликтин ортосундагы тирешүү нааразылык акцияларына чыгууну татаалданткан мыйзам кабыл алынгандан кийин күчөдү. Украин оппозициясы бул мыйзам өлкөнү полициялык мамлекетке айлантат деп билдирүүдө.

Жекшембидеги кагылышууда парламент имаратына өтүүгө аракет жасаган беткап кийген жаштар полиция күчтөрүнө чабуул жасап, аларга каршы союл, петарда пайдаланышкан.

Украин оппозициясынын лидерлеринин бири Виталий Кличконун Твиттерге жазуусуна караганда, президент Виктор Янукович саясий кризисти чечүү максатында бүгүндөн тарта сүйлөшүүнү баштоону чечти. (AiT)

XS
SM
MD
LG