Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 09:43

Мамлекеттик Дума газ келишимин жактырды


Орусиянын Мамлекеттик Думасы “Кыргызгаз” боюнча келишимди өткөн жуманын соңунда ратификациялады. Бул тууралуу Думанын сайтында кабарланды.

“Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” компаниясына 1 долларга сатуу боюнча келишимге эки өлкөнүн өкмөттөрү өткөн жылы июль айында жетишкен.

Кыргызстандын парламенти келишимди былтыр 14-декабрда ратификациялаган эле. Келишимге ылайык, “Кыргызгаз” толугу менен “Газпромдун” карамагына өтүп, ал өз кезегинде бул тармакка 20 млрд. рубль инвестиция салмакчы. (AiT)
XS
SM
MD
LG