Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Интеллигенция жемкордукка каршы билдирүү жасады


Кыргызстандын илимий жана маданий интеллигенция өкүлдөрү жемкордукка каршы мыйзам долбооруна байланыштуу элге, мекендештерге, депутаттарга жана саясатчыларга кайрылуу жасады. Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин "Азаттыкка" айтымында, бул сыяктуу мыйзам совет учурунда да болгон жана ал мамлекетти талап-тоногондорду коргоп келген:

- Бул боюнча мыйзам долбоору жакында парламенттин Этика комитетинде каралат экен. Эгер оң чечим чыкпаса, анда коррупционерлерге эшикти кенен ачып берген болуп калабыз. Андай оор кылмыш кылгандардын бири да совет доорунда да, азыр да кыйналган эмес. Жыргап жүргөн. Азыр да чет жактан кымбат үйлөрдү сатып алып, эс алып жүрүшөт.

Азыркы мыйзам боюнча жемкордукка шектелген жаран 10 жыл ичинде жоопкерчиликке тартылбаса, тиешелүү мөөнөт аяктаган соң андан бул айып алынат. Өткөн аптада "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындай чектөөнү алып салуу тууралуу мыйзам долбоорун сунуштаган, бирок көпчүлүк аны колдобой койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG